Окумуштуулар: карышкырлар адамдардай эле ар кандай диалектиде сүйлөшөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКөргөзмөдөгү киши. Архив
Көргөзмөдөгү киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар биологиялык жактан жакын келген карышкырлар окшош уулуй тургандыгын аныкташты.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Карышкырлардын биологиялык жана байырлаган жерине жараша ар кандай диалектиде уулуй тургандыгын окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу Behavioral Processes журналы жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

"Карышкырлардын бири-бири менен байланышуусу адамдарга кыйла эле окшош. Так ушул себептен иттерди өзүбүзгө көндүрө алдык, себеби алардын дагы табияты адамдарга окшошуп кетет. Мындан улам булардын бири-бири менен байланышуусун изилдөө менен адамдын сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн келип чыгышын билсе болот", — деп билдирет Арик Кершенбаум аттуу окумуштуу. 

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кырышкыр, түлкү жана чөөгө гана аңчылык кылуу сунушталууда
Кершенбаумдун айтымында илимий изилдөө ар бир үйүрдүн өзүнө тиешелүү диалектиси болоорун көрсөткөн. 

Окумуштуулар карышкырлардын алты миңге жакын уулуган аудиосун атайын компьютердик алгоритмге салып изилдешкен. Жыйынтыгында үндөрдөн ар кандай акустикалык элементтер байкалган. 

Эгер делфиндердин үнүн 30 эсеге жайлата турган болсо, карышкырлардын уулуганына абдан окшош экени дагы аныкталганы маалыматта белгиленет. 

Окумуштуулар жаныбарлардын байланыш тилин изилдөө адамдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн келип чыгышын аныктоого шарт түзөөрүн айтат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0