Крым Россиянын курамында экенин белгилеген атлас Чехияда басылып чыкты

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКрым жарым аралы. Архив
Крым жарым аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын Чехиядагы элчиси Борис Зайчук Чехиянын басма үйүнө "Дүйнөнүн футбол атласын" эл аралык укуктардын "нормасына" туура келтирүү талабы менен кайрылганын ČTK маалымат агенттиги билдирет.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Чехиянын Ottovo Nakladatelství басылмасы былтыр ноябрь айында "Дүйнөнүн футбол атласын" басып чыгарган. Анда Крым аймагы Россиянын курамында экени белгиленген. Мындай аракет Украинанын Чехиядагы элчилигин тынчсыздандырганын өлкөнүн ČTK маалымат агенттиги билдирет.

Аталган атласта ФИФАнын курамына кирген 209 мамлекет тууралуу маалымат чогултулган. Атласта Крым Россия белгиленген өңдө боёлгон. 

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнө россиялык агрессияга каршылык көрсөтүүсү үчүн акча бөлөт
Украинанын Чехиядагы элчиси Борис Зайчук Чехиянын басма үйүнө "Дүйнөнүн футбол атласын" эл аралык укуктардын "нормасына" туура келтирүү талабы менен кайрылган. Аталган өлкөдөгү Украинанын дипломатиялык миссиясынын башчысы Крымды Украинанын курамына кошпой картада белгилөө "Россиянын Крымды басып алуу" боюнча Европа биримдигинин позициясына шек келтирерин белгилейт.

Чехиядагы басма үйү мындай катачылык картографтын катасынан улам болгонун түшүндүрдү. Басма үйдүн расмий билдирүүсүнө ылайык, атлас даярдалып жатканда картограф Украина тууралуу монография даярдап жаткан жана жарым арал Россиянын курамында болгон эски тарыхый эски картаны колдонуп алган.

Ал карта кайсыл мезгилге таандык экени так жазылган эмес. Ошондой эле аталган атласта кеткен дагы бир одоно каталардын экинчиси — Түркия гана тааныган Түндүк Кипр республикасынын да белгилениши.

Жаңылыктар түрмөгү
0