Чуркин: Россия Сириядагы аракеттери үчүн кечирим сурабайт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРФтин Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин. Архив
РФтин Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Сириядагы аракеттери ачык жүрүп жатат жана россиялык аскерлер ал жакта аталган өлкөнүн чакыруусу менен жүрөт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россия Сириядагы операцияларын жаап-жашырып эмес, ачык өткөрүп жаткандыктан ал кечирим сурабайт деп билдирди РФтин Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин. 

"Биз жасап жаткан иштерибиз үчүн кечирим сурабайбыз, себеби, жаап-жашырбастан ачык иштеп жатабыз. Коргоо министрлигибиз күн сайын брифинг өткөрүп турат, биз ал жакта мыйзамдуу, тактап айтканда, Сирия өкмөтүнүн чакыруусу менен жүрөбүз", — деди Чуркин.

Ал АКШ жетектеген коалиция эл аралык эрежелердин алкагынан чыгып кетип жаткандыгын белгиледи.

"Алар Ирак менен Сирияда эмне кылып жаткандыктарын, соккуу уруунун максатын жана жыйынтыктарын ачык айтышпайт. Андан сырткары террористтер менен күрөшүүдө биз менен кызматташуудан баш тартууда", — деди ал.

Сирияда 2011-жылдын март айынан бери куралдуу кагылыштар уланууда. Ар кыл топтордон куралган куралдуу согушкерлердин отряддарды өкмөттүк аскерлерге каршы согушуп келет. Алардын арасында активдүүлөрү "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-Нусра" террордук топторунун мүчөлөрү. Учурда сириялык армия Россиянын аба космостук күчтөрдүн жардамы менен согушкерлерге чабуулдарды жасап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0