Америкалык чалгынчылар "Ислам мамлекетинин" химиялык курал жасаганын билдирди

© AFP / MARWAN IBRAHIM"Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук топ иприт деп аталган химиялык каражатты Ирак менен Сирияда колдонгондугун Independent АКШнын улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клэппердин маалыматына таянып билдриди.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Жакынкы Чыгышта химиялык курал жасап жана аны жайгаштыра алды деп жазды Independent АКШнын улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клэппердин маалыматына таянуу менен. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Американын улуттук чалгын кызматынын башчысынын айтымында, террорчулар иприт деп аталган химиялык куралды Ирак менен Сирияда колдонгон.

"Биздеги маалыматтарга караганда, өкмөттүк эмес күчтөр согуш учурунда бир катар аймактарда химиялык каражаттарды колдонуп жатат",— деп айтты Клэппер сенаттын комитетинде куралдуу күчтөр боюнча сүйлөп жатып.

Ал Сириядагы "Ислам мамлекетинин" иш-аракетине август айында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында, бир нече киши иприттен уулангандыгын билдирди.

Клэппер химиялык куралды террорчулар биринчи ирет колдонуп жатпагандыгын, 1995-жылы Токиодо "Аум Синрике" тобу да пайдалангандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0