Лавров менен Керри Мюнхенде жолугушат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Сирияда тынчтыкты орнотуу боюнча сунушун берип, АКШдан жооп күтүп жатканын Сергей Лавров билдирди. Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жолугушууда Сириядагы гуманитардык абалды талкуулоону пландап жатканын билдирди.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун жыйыны алдында Мюнхенде жолуга турганын РИА Новости билдирди.

Орус тышкы иштер министри Лавров Россия Сирияда тынчтык орнотуу боюнча өз сунушун бергенин жана АКШнын жообун күтүп жатканын маалымдады.

"Биз атышууларды токтотуу боюнча конкреттүү сунушубузду бердик. Биз АКШнын жообун күтүп жатабыз", — деген пикирин билдирди.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Россиянын тышкы саясат боюнча водомствосунун башчысы менен "Сирияда болуп жаткан" бардык аспектилерди талкуулоону пландап жатканын билдирди.

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча көп тармактуу сүйлөшүү Бавариянын борборунда Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын алдында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0