Россия: Сириядагы убактылуу жарашуунун террорчуларга тиешеси жок

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСириялык аскер. Архив
Сириялык аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ТИМ жетекчиси БУУнун чечими менен террористтик мүнөздөгү уюм деп табылган ИМ, "Жабхат ан-Нусра" жана ага тектеш бирикмелер аскердик авициянын бутасында каларын эскертти.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Сириядагы жарашуу БУУнун Коргоо Кеңешинин чечими менен террористтик деп таанылган уюмдарга жайылтылбай турганын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Министр мындай жоопту жарашуу орногон учурда Россиянын аскер-аба күчтөрүнүн аракети тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

"Бул биздин документтерде ачык-айкын жазылган. Жарашуунун ИМ, "Жабхат ан-Нусра" жана ага тектеш бирикмелерге эч кандай тиешеси жок. Биздин аскер-аба күчтөр террористтик уюмдарга каршы чабуулун уланта берет", — деди Лавров. 

Сирия өкмөтү менен оппозициясынын Женева сүйлөшүүсү 29-январда башталган. 3-февраль күнү БУУнун Сирия боюнча атайы өкүлү Стеффан де Мистура сүйлөшүүлөрдө тыныгуу жарыяланып, 25-февралда жандана турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0