Тайвандагы жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 114 кишиге жетти

© REUTERS / Tyrone SiuТайванда болгон жер титирөөнүн кесепети. Архив
Тайванда болгон жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайвань аралынын түштүк бөлүгүндө болгон жер титирөөнүн кесепетинен 550 адам жабыр тартты. Тайнань шаарында кыйраган 17 кабаттуу имараттын алдынан 280 адамды алып чыгууга мүмкүн болду.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өткөн жумада Тайванда болгон жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 114 кишиге жеткенин Франс Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Буга чейин 108 адамдын өлгөнү айтылган.

"Учурда 114 адам каза болуп, 550 адамдын жараат алганы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Индиянын тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда болгон жер титирөө төрт адамдын өмүрүн алып кетти
Тайнань шаарында кыйраган 17 кабаттуу имараттын алдынан 280 адамды алып чыгууга мүмкүн болгон. Анын 100ү ошол жактан эле каза болуп калган.

Учурда өлкө бийлиги турак жайды курган ишкана менен соттук териштирүү ишин жүргүзүп жатат. Курулуш ишинде одоно ката кетирүүгө шектелген бир нече адам камакка алынды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Тайвандын түштүк аймагында магнитудасы 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаладан Тайнань шаары көбүрөөк жабыр тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0