ЦРУ Парижге кол салуу болорун билген, бирок кабар берген эмес

© AFP / ALAIN JOCARD Люди оставляют цветы у ресторана "Le carillon", где был теракт. Архивное фото
Люди оставляют цветы у ресторана Le carillon, где был теракт. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЦРУнун директору АКШнын чалгын кызматы Францияда теракты болорун билип туруп, бирок, эмнеге кабар берген эместигин түшүндүргөн жок.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. ЦРУнун директору Жон Бреннан CBS News телеканалына АКШнын чалгын кызматына "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Парижде жардыруу уюштурары бир нече күн мурда эле белгилүү болгондугун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

2015-жылы 13-ноябрда бир нече топтор сүйлөшүп алып, кеч курун Парижде жана анын чет жагындагы Сен-Дени аймагында бир нече жардырууларды уюштурган. Үч жан кечти "Стад де Франс" стадионунда, дагы бир топ өздөрүн Париждин түндүк-чыгышында кафе, ресторанда жардыруу жасаган. Дагы үчөө "Батаклан" концерттик залында элди барымтага алып, бул трагедиядан 130 адам курман болуп, 350 жарадар болгон.

"Чабуулга чейин бир нече күн мурда "Ислам мамлекети" кандайдыр бир ишти пландап жаткандыгын билгенбиз. Бирок, буга тиешеси барлар тартип коргоо органдарына жабык болгон байлыныштын жаңы каражаттарын колдонушкан", — деди Бреннан.

"Ислам мамлекетине" мүчө болгон Борборазиялыктар Уралда кармалды
ЦРУ жетекчисинин пикиринде, "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринде атайын кызматтар ала албай турган пландар бар. Бреннан кеп — байланыштын атайын жашыруу коддору колдонулган канал туурасында жүрүп жаткандыгын тактады. Ал атайын кызматтар Европада жасала турган бир нече терактылардын алдын алгандыгын кошумчалады.

"Атайын жана чалгын кызматтары бир нече жардырууларды алдын алып, Ирак, Сириядан Европага өткөн ниети жаман бир нече кишилерди кармады. Бирок, техникалык жактан камсыз кылуу жакшыртып, атайын кызматтардын курамын терроризм менен күрөшүүдө тиешелүү каражаттар менен камсыздоону улантуу зарылдыгы турат", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0