Москвада Зика вирусун жуктурган жаран аныкталды

© REUTERS / MARIANA BAZOЛаборатория кызматкери "Зика" вирусуна анализ жасоо учурунда. Архив
Лаборатория кызматкери Зика вирусуна анализ жасоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зика вирусу көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

БИШКЕК, 15-фев. – Sputnik. Россиянын жараны Зика вирусун Доминикан республикасынан жуктуруп келгендиги тууралуу РИА Новостиге медицина тармагындагы ишенимдүү булак кабарлаган.

"Доминикан республикасынан учуп келген самолет Домодедово аэропортуна конгон. Вирусту жуктурган аял Москвада жашайт", — деп билдирген ишенимдүү булак. 

Буга чейин РФтин Керектөөчүлөрдүн укугун жана адамдардын бейпилдигин коргоо боюнча көзөмөлдөө кызматы Зика вирусу Москвада алгачкы ирет катталганын маалымдаган. 

"Вирусту жуктурган аял оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жаткырылды. Абалы канааттандырарлык. Анын үй-бүлө мүчөлөрүн текшерүүдө вирус катталган эмес", — деп билдирген РФтин Керектөөчүлөрдүн укугун жана адамдардын бейпилдигин коргоо боюнча көзөмөлдөө кызматы. 

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0