Түркия менен Сауд Аравиясынын аскер аба күчтөрү биргелешкен машыгууларын баштады

© flickr.com / 7th Army Joint Multinational Training CommandF-15 үлгүсүндөгү аскердик учак. Архив
F-15 үлгүсүндөгү аскердик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгууларды өткөрүү үчүн Түркиянын Конья провинциясы борбор катары тандалып алынган. Ага F-15 үлгүсүндөгү Сауд Аравиялык алты аскердик учагы катышууда. Түркиялык аскерийлердин маалыматына караганда, иш-чара жума күнү аяктайт.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Түркиялык аскер аба күчтөрү Сауд Аравиясы менен биргеликте абадан коргонуу боюнча борбордук Түркияда машыгууларды баштады. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс маалымат агенттигине таянып кабарлады. 

Түркия Сирияга аскер жөнөтүүгө ниети жоктугун айтууда
Маалыматта, машыгууларды өткөрүү үчүн Түркиянын Конья провинциясы тандалып алынгандыгы айтылган. Бул — Түркиянын борбордук аймагы. Учурда аталган машыгууга F-15 үлгүсүндөгү Сауд Аравиялык алты аскер учагы катышууда. Түркиялык аскерийлердин маалыматына караганда, иш-чара жума күнү аяктайт. 

Агенттик бул окуулар кызматташуу боюнча мурдатан сүйлөшүлгөн пландын алкагында өтүп жаткандыгын билдирди. 

Кечээ, 15-февралда Түркиянын Коргоо министри Исмет Йылмаз Сауд Аравиясынын аскер аба күчтөрүнүн F-15 үлгүсүндөгү төрт учагы бүгүн Түркиянын аймагына жайгаштырылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0