Окумуштуулар: роботтор кытайлыктардын 77 пайызын ишсиз калтырат

© AP Photo / Koji SasaharaРобот HRP-4C. Архив
Робот HRP-4C. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык програмисттер менен экономисттер 25 жылдан кийин орто билимдүү жарандардын көпчүлүгү ишсиз кала тургандыгы боюнча божомолдорун айтышты. Алардын пикири боюнча кытайлык жарандардын 77 пайызы, Индиянын 2/3 бөлүгү ишсиз калат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Роботтордун айынан Кытай менен Индиянын жарандарынын көпчүлүгү 25 жылдан кийин ишсиз калуу коркунучу бар. Бул тууралуу окумуштуулар Вашингтондо өткөн жыйналышта билдиришти.

Акыркы жылдары окумуштуулардын көпчүлүгү алардын ичинде белгилүү физик Стивен Хокинг робботор адамзатка пайдадан мурда көйгөй жаратаарын айтышат.

Моше Варди аттуу окумуштуу кесиптештери менен биргеликте жасалма интеллекттин экономикага жана адамдардын жашоосуна тийгизген таасирин изилдеп көрдү. 

Окумуштуулар: карышкырлар адамдардай эле ар кандай диалектиде сүйлөшөт
Алардын айтымында, жасалма интеллекттин өнүгүүсү менен орто квалификациялуу жарандар ишсиз калуусу ыктымал. Мисалга, айдоочуларды, супермаркеттердеги кассирлерди жана азык-түлүк комбинатында иштеген жарандарды айтса болот. 

Буга ылайык, дүйнө жүзү боюнча бош отуруп калган адамдардын саны 50-60 пайызга чейин жогорулап кетүүсү ыктымал. 

Мындай өзгөрүүлөр Индия менен Кытай жарандарына басымдуу таасир этерин окумуштуулар кошумчалайт. 

Саясатчылар жасалма интеллекттин өнүгүшү миңдеген адамдарды ишсиз калтырса, элдер эмне менен алек болоорун азыртадан ойлонуш керек деп эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0