Мигранттар. Архив

Германияда өлкөгө кирген качкындардын агымына нааразы болгондор арбып бара жатат

36
(жаңыланган 18:58 22.03.2016)
Сурамжылоого катышкандардын арасынан былтыркы жылга салыштырганда "бозгундарды кабыл алышыбыз керек" деген пикирди карманган германиялыктардын саны жети пайызга азайган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Британиялык Populus изилдөө компаниясы Sputnik Эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн жүргүзгөн сурамжылоодо Германиянын жарандарынын 41 пайызы "өкмөт мындан ары качкындарды кабыл албашы керек" деген позицияда экендигин айтышкан.

Өкмөт өлкөгө качкындарды киргизиши керек деген немецтердин саны Кёльн шаарындагы окуядан бир айга чукул убакыт өткөндөн кийин жети пайызга төмөндөп кеткен.

Германиядагы бул сурамжылоону британиялык Populus деп аталган изилдөө компаниясы Sputnik Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу үчүн өткөрдү. 

"Германия качкындарды өлкөгө киргизиши керекпи же жокпу?" деген суроого Германиянын жашоочуларынын 41 пайызы "өкмөт мындан ары качкындарды кабыл албашы керек" дешкен. Бул 2015-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына мындай пикирдегилер салыштырмалуу алты пайызга көп болду.

Ал эми бозгундарды "кабыл алышыбыз керек" деген пикирди кармангандар жети пайызга азайган. Өткөн жылдагы сурамжылоонун жыйынтыгында 58 пайыз болсо, быйыл бул көрсөткүч 51 пайызга түшүп кеткен.

Сурамжылоону британиялык Populus деп аталган изилдөө компаниясы Sputnik маалымат агенттиги үчүн 2015-жылдын 25-сентябрынан 15-октябрына чейин жана 2016-жылдын 3-4-февраль аралыгында өткөргөн.

Алар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

"Sputnik. Пикирлер" долбоору тууралуу маалым кат

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus изилдөө компаниясы болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

36
Белгилер:
Европа, Германия, Populus изилдөө компаниясы, сурамжылоо, качкын
Тема боюнча
Норвегияда качкындарды Россияга жөнөтүү үчүн велосипед чогултушууда
КМШ желектери. Архивдик сүрөт

Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды

11
(жаңыланган 16:23 23.10.2021)
Кеңешмеде КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга география жактан жакын экенин эске алуу менен бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен КМШнын коопсуздук көйгөйлөр боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышкан.

"Жыйындын алкагында Афганистанда ички саясий кырдаалдын курчушунда Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга географиялык жактан жакын экени, андан улам элге терроризм идеологиясын жайылтуу, экстремисттик жана террордук  иштерге тартуу коркунучу жаралып жатканы айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Иш-чаранын катышуучулары бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен:

  • Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу;
  • жан кечтилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо;
  • террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасап, жазадан качкандарга мамлекеттер аралык издөө жарыялоодо координацияланган иш-чараларды жүргүзүү.
11
Белгилер:
УКМК, КМШ, коопсуздук, терроризм
Тема боюнча
Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот
УКМК эмнеге унчукпай отурушу керек. Жапаров атайын кызматтардын тыңшоосу боюнча айтты
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

198
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

198
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

0
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат