БУУ: Йеменде 2015-жылдын март айынан бери алты миң адам каза болду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСана шаарындагы кыйраган үйлөр, Йемен. Архив
Сана шаарындагы кыйраган үйлөр, Йемен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч миңге жакын адам өлтүрүлүп жана алты миңге чукулу жаракат алган деп билдирди БУУнун башкы катчысынын орун басары Стивен О'Брайен. Анын айтымында, 700 бала өлтүрүлүп, миңден ашыгы жарадар болгон.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Йемендеги аскердик операциялар менен кагылышууларда 2015-жылдын март айынан бери алты миң адам каза тапса, алардын 700ү балдар болуп чыкты. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын орун басары Стивен О'Брайен кабарлады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Йеменге гуманитардык жардам берүү боюнча сөз болуп жатканда бир канча жагымсыз цифралар айтылды.

2015-жылдан март айынан бери аскердик аракеттерден 35 миңге чукул адам жабыр тартса, анын ичинен алты миңи каза тапкан. О'Брайен бул маалыматтарды өлкөнүн медициналык мекемелеринин маалыматына таянып билдиргенин кошумчалады.

"Алардын ичинен бери дегенде эле өлтүрүлгөн 2997, жарадар болгон 5659 адамдар жай жашоочулар. Маалыматтарды 700 бала өлүп, миңден ашууну жарадар болгон", — деди ал.

ЦРУ Парижге кол салуу болорун билген, бирок кабар берген эмес
Йеменде куралдуу чыр-чатактар дагы деле уланууда, бир жагынан шииттердин "Ансар Алла" кыймылынан чыккан хуси—козголоңчулар, экинчи жагынан экс-президент Али Абдалл Салех армиясынын бир бөлүгү, ал эми үчүнчү тараптан президент Абд Рабб Мансур Хадиден куугунтук жегендер чыгып жаткан кез. Үчүнчү күчтөрдү абадан жана жерден араб коалициясы колдоп турат деп айтылып келет. Коалиция авиациясы 2015-жылдын 26-мартынан тарта козголоңчулар көзөмөлдөп турган райондорго чабуул жасап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0