Кытай жараны өзүн өлдү деп жарыялап, зыйнатка кимдер келерине кызыкты

© flickr.com / Fredrik RubenssonКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
66-жаштагы жаран жерге берүү тажыясында туугандарын ары жактан карап турган. Ал өлгөнгө 50 тууганын чакырган. Бирок, алардын жыйырмасы гана маркумду узатууга келген.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Эркек киши өзүн жерге берүү тажиясына болжол менен 2,5 миң доллар коротту. Кытайдын Шаньдун провинциясынын жашоочусу мындай аракетте анын зыйнатына канча адам келээрин билиш үчүн жасаган. Бул тууралу РИА Новости жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип билдирет. 

Робот HRP-4C. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: роботтор кытайлыктардын 77 пайызын ишсиз калтырат
Жицзао шаарынын тургуну Чжан Дэян өз тажиясын уюштурууга 16 миң юань (болжол менен 2,5 миң доллар) короткон. Жергиликтүү мүрзөдөгү тактайчада анын аты-жөнү да жазылган. Сөөктүн жанында дуба окулуп жаткан кезде, 66-жаштагы Чжан Дэян ары жактан туугандарын карап турган.

Ал өлгөнгө 50 тууганын чакырып, алардын жыйырмасы гана маркумду узатууга келген. Бирок, жерге берүү жөрөлгөсүнө коңшу айылдардан жүздөн ашуун эл келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0