Никарагуада түрмөлөрдү бошотуу үчүн абактагы 8 миң кишини эркиндикке чыгарышты

© flickr.com / jipe7Вид на город Гранада
Вид на город Гранада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Никарагуа өкмөтү кесилгендер түрмөлөрдө эки эсе көбөйүп, батпай кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Түрмөлөрдө адам батпай кеткендиктен, сегиз миңден ашуун адам эркиндикке чыгарылды деп билдирди Никарагуа өкмөтү.

Телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК 8,6 млн. сомго түрмөлөрдө уюлдук байланыштын толкунун басат
Аталган өлкөнүн өкмөтүнүн маалыматына таянган Франс Пресс беш жылга чейин кесилген 8149 адам бошотулгандыгын кабарлады. Андан сырткары чет элдик 94 жаран жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө үчүн жөнөтүлгөн.

Камалгандарды бошотуу 2014-жылдан тарта мөөнөтсүз бошотула баштаган. Өкмөт учурда түрмөлөрдө канча адам олтургандыгын кабарлаган жок. Ал арада Адамдардын укугу боюнча борбор деп аталган никарагуалык бейөкмөт уюм темир тордун артында 10,5 киши бардыгын билдирген.

Өкмөт буга чейин абакта адамдарды саны эки эсе көп болуп батпай жаткандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0