Египет башчысы Синайдагы Россия учагынын кыйрашын теракт деп атады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЕгипеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси. Архив
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Египет бийлиги россиялык учактын кыйроосуна себепкер болгон кырдаалдардын баары каралып жатканын белгилеп, атайын комиссиянын териштирүү иштеринин жыйынтыгын күтүү керектигин айткан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси биринчи жолу россиялык А321 учагынын Синайда кыйрашын теракт деп атады.

"Терроризм менен күрөшүү аяктадыбы? Жок. Бирок, келгиле, чогуу бололу. Учакты кыйраткандар туризмге эле сокку ургусу келдиби? Жок, ал биздин Россия, Италия жана башка мамлекеттер менен болгон мамилебизге кол салды", — деп египеттик лидер өлкөнүн 2030-жылга чейин өнүктүрүүгө арналган докладын сунуштап жатып билдирди.

Путин: А321 учагын жардыргандарды жерден чукусак да табабыз
Буга чейин Египет бийлиги россиялык учактын кыйроосуна себепкер болгон кырдаалдардын баары каралып жатканын белгилеп, атайын комиссиянын териштирүү иштеринин жыйынтыгын күтүү керектигин айткан.

Россиялык жана советтик авиациянын тарыхындагы эң чоң кырсык 7-ноябрь болду. "Когалымавиа" компаниясына караштуу Airbus A321 учагы Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп келе жатып кыйроого учураган. Андагы 217 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү – баары курман болгон. Бул окуядан кийин Россия менен бир катар өлкөлөр Египетке учкан каттамдарын убактылуу токтотту.

Жаңылыктар түрмөгү
0