Афганистандын аскердик күчтөрү талиптер кармап турган 35 кишини бошотту

© REUTERS / Omar Sobhani Афган аскери. Архив
Афган аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын операциянын жүрүшүндө афган армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү Над-Али округунан 25 баланы, 10 аял-эркеки бошотту.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Афганистандын аскердик күчтөрү радикалдык "Талибан" уюму Гильменд провинциясынын аймагында кармап турган 35 кишини бошотту. Бул туурасында Khaama Press өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Афган аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда эки уюмдун 37 согушкери жок кылынды
Министрликтен алардын 25и балдар, бешөө аял, дагы бешөө эркектер экенин айтышкан.

Атайын операциянын жүрүшүндө афган армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү Над-Али округунан жети согушкерди кармады.

Афганистандагы абал акыркы мезгилдери курчуп бара жатат. Радикалдык "Талибан" уюму буга чейин айыл жериндеги аймактардын көбүнө ээлик кылып келсе, эми шаарларга чабуулун баштады. Мындан сырткары өлкөдө "Ислам мамлекети" радикалдык тобунун мүчөлөрү кескин көбөйүп, алардын таасири күчөөдө. 

Өткөн жылдын июнь айларында ЖМКлар өлкөдөгү талиптер "Ислам мамлекетине" Афганистандагы талиптердин ишине кийлигишпөөгө чакырып кат жөнөткөндүгүн жазып чыккан. Буга чейин аталган өлкө ичинде эки топтун бир нече кагылышуусу болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0