Германия ТИМи: сириялыктар биринчи жолу тынчтык жашоого үмүт артуу менен таң тосушту

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДамаск шаары, Сирия. Архив
Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдешүү толук кабыл алынганы менен согуштук аракеттер 100 пайызга токтоп калган жок. Бирок, биринчи жолу согуштук тыныгууга шарт түзүлдү дейт Франк-Вальтер Штайнмайер.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Сириядагы элдешүү толук байкалбаганы менен элде тынчтык жашоого үмүт пайда болду. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер билдирди.

27-февралдан тарта Сирия бийлиги менен оппозиция элдешүүгө макулдашкан. Буга айрым оппозиция өкүлдөрү сын көз карашын билдиргени менен элдешүү сунушу жалпы түрдө колдоо тапкан. Сирия бийлиги согуштук аракеттерди токтотууга даяр экенин айтып, бирок, "Ислам мамлекети" менен башка террордук уюмдарга карата каршылык токтотулбай турганын билдирген.

"Элдешүү толук кабыл алынганы менен согуштук аракеттер 100 пайызга токтоп калган жок. Бирок, биринчи жолу согуштук тыныгууга шарт түзүлдү", — деп билдирди Штанмайер Welt am Sonntag гезитине берген интервьюсунда.

Анын айтуусунда, сириялыктар биринчи жолу тынчтык жашоого үмүт артуу менен таң тосушту. 

Ал эми Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы элдешүүгө көзөмөл салуу керек экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0