Багдад шаарындагы жарылуулардан каза болгондордун саны 70ке жетти

© REUTERS / Wissm al-OkiliБагдаддын чыгыш тарабында жекшемби күнү болгон жардыруу жайында.
Багдаддын чыгыш тарабында жекшемби күнү болгон жардыруу жайында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Багдаддын шииттер жашаган районунда эки ирет жарылуу болуп, 100гө чукул киши жарадар болду. Бул ишке жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алды.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Багдаддын чыгыш тарабында жекшемби күнү болгон эки жардыруудан каза тапкандар 70тен ашып, жарадарлардын саны 100гө чукулдады. Бул туурасында "Рейтер" агенттиги өлүктөр менен жабыр тарткандар жеткирилген оорукананын кызматкерлеринин маалыматына таянып кабарлады. 

Түркиядагы тез жардам автоунаасы. Ахрив - Sputnik Кыргызстан
Түркия терактылардын очогунда калды. Өлкө аймагында жаңы жарылуу болду
Буга чейин бийлик 28 киши каза таап, 62си жарадар болду деп билдирген. Ирактын борборунун чыгышындагы Мадинат-эс-Садр деп аталган шииттердин кварталында эки ирет жарылуу болгон. 

Маалыматтарга караганда, алгач, бомба жарылып, андан кийин топтолуп турган элдин арасында турган жан кечти өзөн-өзү жардырган. Экинчи вариантта, жардырууну эки жан кечти жасагандыгын айтылууда. Бул иштерди "Ислам мамлекети" террордук уюму мойнуна алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0