Түндүк Корея өзөктүк курал пайдаланууга даяр экенин айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы учурдагы кырдаалга байланыштуу сокку кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн мамлекет улуттук аскердик доктринасын кайра карап чыга турганын белгиледи.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк куралы пайдаланууга даяр турушу керектигин билдирди. Бул тууралуу Ренхап агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Түндүк Корея Япон деңизин карай кичи ыраактыктагы ракеталарын учурду
Кореянын борбордук телеграф агенттигинин маалыматына ылайык, Ким Чен Ын өлкө үчүн өтө кооптуу кырдаалда сокку кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн мамлекет улуттук аскердик доктринасын кайра карап чыга турганын белгиледи.

Мындай билдирүү ракеталык атуулар учурунда жасалган, аларга президент өзү байкоо салып турган. Бейшемби күнү өлкөнүн маалымат каражаттары Түндүк Корея чыгыш жээгинен Япон деңизин көздөй кичи ыраактыктагы бир нече ракеталарын учурганы тууралуу айтып чыгышкан. 

БУУнун Коопсуздук кеңеши 2-март күнү өлкөнү авиациялык жана ракета отуну менен камсыздоого тыюу салынып, Түндүк Кореядан чыккан жана өлкө аймагына кирген бардык жүктөр текшерүүгө алына турган резолюция кабыл алган. Документ өлкөгө көмүр, темир, алтын, титан жана сейрек кездешүүчү жаратылыш минералдарын экспорттоону чектейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0