Түркиянын аба күчтөрү Сириянын аймагын аткылады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДамаск шаары, Сирия. Архив
Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын танкасы Идлиб провинциясындагы Дикметаш калктуу конушун аткылаганын Россиянын тынчтык боюнча борбору маалымдады. Түркия ушуну менен атышууну токтотуу боюнча режимди биринчи жолу эле бузуп жаткан жок.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Түркиянын аскер күчтөрү Сириянын аймагын аткылаганын Сириянын аймагында согушуп жаткандарды жараштыруу боюнча россиялык борбору таратты. Бул тууралуу маалымат Россиянын Коргоо министрлигинин сайтында жарыяланганын РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

"Түркиянын аба күчтөрү кайтадан Сириянын аймагын аткылады. 4-мартта саат 16.00дө Акчабаглар калктуу конушунан түрк танктары Дикметаш аймагын аткылады", — деп айтылат билдирүүдө.

АКШ Сирия боюнча сүйлөшүүдө Россия башкы ролду ээлегенин моюндады
Буга чейин Сириянын башкы штабы жана күрддөрдүн түзүмдөрү Россиянын аталган борборуна Түркия тараптан артиллериялык аткылоо болуп жатканын маалымдаган. Россия мындай аткылоону козутуу катары баалаган. Ал ортода Түркиянын Тышкы иштер министрилиги тынчтык орнотуу жарыялангандан кийин Сириянын аймагындагы күрд түзүмдөрүнө карата аткылоо болгонун четке кагып, аткылоо бир гана "Ислам мамлекети" террордук топторуна карата жасалып жатканын билдирүүдө.

Атышууну токтотуу режими Дамаск убактысы боюнча 27-мартта саат 00.00дө киргизилген. Бирок бул режим "Ислам мамлекети", "Жебхат ан-Нусра"(Аль-Каиданын Сириядагы бөлүмү) жана башка БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террористик уюм деп табылгандарга карата иштебейт.

Атышууну токтотуу боюнча келишим Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнөн улам жетишилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0