Кытай бийлиги калкынын саны 2050-жылга карата азайышын күтөт

© AFP / FRED DUFOURПекин шаарынын аянтындагы элдер. Архив
Пекин шаарынын аянтындагы элдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылга чейин калктын саны өсөт, андан кийин демографиялык өсүш жайлайт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кытайда калктын саны 2050-жылга карата азая турганын Ден соолук жана балдарды пландоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ли Бинь билдирди.

Анын айтымында, калктын саны 2050-жылы 2015-жылдагыдай көрсөткүчкө түшөт.

Кытайдын Улуттук статистикалык бюросунун маалыматы боюнча 2015-жылы калктын саны 1,37 миллиард кишини түзгөн. Ал эми 2016-2020-жылдардагы социалдык-экономикалык өсүш планы боюнча 2020-жылы калктын саны 1,42 миллиард кишиге барабар болот.

Кыргызстандыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда калктын санынын өсүүсү жогорку деңгээлде сакталып турат
Ли Биндин айтымында, Кытай бийлиги экинчи бала саясатын иш жүзүнө ашырууну көздөйт. Ошондой эле, гендердик тең салмактуулукту сактоого басым жасайт. Андан сырткары үй-бүлөнү пландоо, эненин жана баланын ден соолугун чыңдоо да жолго коюлат. 

Экинчи балалуу болуу саясаты өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзө турганын Бин айтат.

2015-жылы коммунисттик партия эки балалуу болууга уруксат берген. 1970-жылдын аягында Кытай калктын демографиялык өсүүсүн ыраатка салуу үчүн "Бир үй-бүлө – бир бала" саясатын киргизген. Мындай саясаттын негизинде шаарда жашагандарга бир балалуу болууга, ал эми айыл жеринде жашагандарга эгер биринчи баласы кыз болсо гана экинчи балалуу болууга уруксат берилген. Мындай саясат өлкөдөгү гендердик тең салмактуулукту жоготкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0