"Ислам мамлекетинин" химиялык курал боюнча адиси кармалганын Пентагон тастыктады

© AFP / STAFFАКШнын пентагон имараты. Архив
АКШнын пентагон имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" химиялык куралдары боюнча башкы адиси Сулайман Дауд аль-Баккар Иракта колго түштү. Андан алынган маалыматтардын жардамы менен АКШ башында турган коалиция аталган террордук уюмдардын болжолдуу түрдө химиялык куралдары бар деген объектилерин бомбалады.

БИШКЕК, 11-мар. —Sputnik. Пентагон "Ислам мамлекетинин" химиялык куралдарды түзүү бөлүмүнүн башкы адисы Сулайман Дауд аль-Баккар Иракта кармалгандыгын тастыктады. Бул туурасында Рейтер агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта Сулайман Дауд аль-Баккар, андан сырткары Абу Дауд деген ат менен белгилүү болгон адам февралдагы операциянын жыйынтыгында колго түшкөн.

Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалык чалгынчылар "Ислам мамлекетинин" химиялык курал жасаганын билдирди
Аталган ведомствонун кабарлаганына караганда, Абу Дауддан алынган маалыматтар бир топ пайдалуу болгон. Мындан соң АКШ башында турган коалиция "Ислам мамлекетинин" химиялык куралдары болжолдуу түрдө жайгаштырылган деген объектилерин бомбалады.

Пентагон өкүлү кармалган Абу Дауд Ирак бийлигине өткөрүлүп берилгенин айтты. Бир катар басылмалар өткөн шаршемби күнү, 2-мартта "Ислам мамлекетинин" 50 жаштагы адисин атайын даярдыктагы америкалык аскерлер кармагандыгын жазып чыккан. Ал киши Саддам Хусейндин режими кулатылганган чейин 2003-жылдары Ирактын куралдуу күчтөрүнүн кыскартылган бөлүмүндө иштеп, жасалган химиялык жана биологиялык куралдарды өркүндөтүү боюнча иш алып барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0