Sputnik Япониянын Kyodo News агенттиги менен кызматташууну баштайт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Петербургского экономического форума
Подготовка к открытию Петербургского экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашуу боюнча аталган агенттиктер маалымат алмашып тим болбостон, биргелешкен иш-чараларды да уюштурат.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги Япониянын алдыңкы маалымат агенттиги менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду.

Анын шарты боюнча тараптар Россия менен Япониянын аймагындагы маалымат айдыңынын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырат.

Музыкалык аспап кыл кыяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik улуттук музыкалык аспаптар боюнча интерактивдүү инфографика даярдады
Макулдашуунун алкагында Sputnik менен Kyodo News ар кыл темадагы маалымат менен алмашып, биргелешкен иш-чараларды уюштурат.

Sputnik сыяктуу динамикалуу өнүккөн маалымат каражаты үчүн дүйнөнүн ар бурчунда күчтүү жана ишенимдүү өнөктөшкө ээ болуу өтө маанилүү. Андыктан мындай макулдашуунун түзүлүшү Sputnik агенттигинин өнүгүүгө карай ири кадамы болуп саналат.

Kyodo News — Япониянын алдыңкы маалымат каражаты болуп саналат. Ал 1945-жылы негизделген. Агенттикке япон жана бир катар чет элдик маалымат каражаттары жазылышкан.Текст түрүндө берилген жаңылыктардан тышкары, агенттик сүрөт, инфографика, аудио жана видеоконтентти да мыкты өздөштүргөн.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. 

Дүйнөнүн ар кыл бурчундагы Sputnik агенттиктеринин жаңылыктар түрмөгү күнү-түнү англис, испан, араб, кытай тилдеринде чыгат. Вашингтондогу, Каирдеги, Пекиндеги жана Монтевидеодогу аймактык редакциялар жаңылыктарды үзгүлтүксүз чыгарып туруу үчүн 24/7 режиминде иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0