Марста жашоонун бар-жогун аныктоо үчүн Байконурдан "Протон-М" ракетасы учурулду

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүExoMars долбоордун кызматкерлери. Архив
ExoMars долбоордун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миссиясын ийгиликтүү ишке ашырылышы Европа менен Россияга Марстын жер кыртышын эки метр тереңдикке чейин казып көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Марста жашоонун бар-жогун аныктоо үчүн Евробиримдик менен Россиянын кызматташуусунун алкагында биринчи жолу Байконур космодромунан "Протон-М" ракетасы учурулду.

Марстан жасалган селфи сүрөт Жерге келип түштү
Миссия Марс планетасында ушу тапта же буга чейин жашоонун болгон-болбогонун аныктап, ExoMars долбоорунун 2018-жылга белгиленген экинчи экспедициясы үчүн негизги технологияларды аныктоону максаттайт.

ExoMars-2016 менен ExoMars-2018 Европа космос агенттиги менен "Роскосмос" корпорациясынын биргелешкен долбоору болуп саналат. Биринчи миссиясында Trace Gas Orbiter орбиталык модулу атмосферанын кичи газ аралашмасын жана Марстын кыртышындагы суу музунун бөлүштүрүлүшүн иликтейт. Мында Россиянын космос изилдөө институтунда иштелип чыккан жабдуулар пайдаланылмакчы.

Экинчи этабы 2018-жылы башталат. Бул мезгилге чейин толук кандуу модуль менен Марста жүрүүчү унааны жеткирүү пландаштырылган. ExoMars миссиясынын ишке ашырылышы Европа менен Россияга Марстын жер кыртышын эки метр тереңдикке чейин казып көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0