Түрмөдөгү киши жеген мыктары үчүн өкмөткө акча төлөйт

© flickr.com / Craig DugasМык. Архив
Мык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорусун таап жана дарылоого кеткен чыгымдар үчүн абактагы кишиден акча өндүрүп алууга сот чечим чыгарды. Кесилген адам өзүнүн ден соолугуна атайылап эле зыян келтирген.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын Ыраакы чыгыштагы Амур облусунун соту аллюминий чөмөлөктүн туткасын жана төрт мык жутуп жиберген камактагы кишини аман алып калууга кеткен каражатты төлөп берүүгө милдеттендирди. Бюджеттен кеткен каражаттын суммасы 3155 рубль (3281 сом) болгон деп билдирди аймактык прокуратура. 

"Былтыр 10-ноябрда №2 жаза аткаруу абагында кесилген адам ден соолугуна атайлап зыян келтирген. Тагыраагы, аллюминий чөмөлөктүн кармагычын жана узундугу 5 сантиметр болгон бириктирилип байланган төрт мыкты жутуп алган", — деп айтылат маалыматта.

Түрмөгө алынган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттун өкүмүнө макул болбогон айыпкер түрмөдөн оозун тигип салды
Доктурлар ага "ичеги карыны менен ашказанынан башка предметтер табылган, ден соолугуна атайылап зыян келтиргендигин" жана хируг-дарыгердин көзөмөлүндө болгондугун билдирген.

"Ден соолугуна атайлап зыян келтирип, ага медиктер кошумча жардам көрсөткөндө мамлекеттин бюджети 3155 рубл чыгымга учураган", — деп билдирет прокуратура. Маалыматта кесилген адам чыгымды толугу менен калыбына келтирүүгө милдеттендирилгендиги кабарланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0