Брюсселдин аэропортундагы жардыруудан 11 киши каза болду

© REUTERS / Francois LenoirБрюсселдеги Завентем аэропорту. Архив
Брюсселдеги Завентем аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттон жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо жардыруунун үнүнөн кийин башталды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюссель аэропортунда жардыруу болгонун РИА Новости билдирүүдө.

"Жардыруудан 11 киши каза болуп, дагы 20 жүргүнчү жарадар болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аэропорттогуларды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.

Аэропорт менен темир жолдун байланышы эки жардыруудан кийин токтотулду.

Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0