Жардыруу эми Брюсселдин метросунда болду

© REUTERS / YOUSSEF BOUDLALБрюсселдеги аскер кызматкерлери. Архив
Брюсселдеги аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин борбор калаанын аэропортунда эки ирет жардыруу болгонун өлкөнүн ИИМи да тастыктаган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюсселдин метросунда жардыруу болгонун РИА Новости билдирди.

ТИМ: алдын ала маалымат боюнча Брюсселдеги жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок
Буга чейин болжол менен саат 13.00дө шаардын аэропортунда жардыруу болуп, андан көз жумгандардын саны 17 кишиге жеткен. Жарадар болгондордун саны 20 адамдан ашты.

Жардырууларды теракт деп аташууда. Учурда аэропорттон бир нече бомба табылды.

Айрым маалыматтар боюнча Бельгиянын чалгын кызматы даярдалып жаткан жырдыруулар тууралуу кабары болгонун жазып чыгышты. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалымат боюнча аэропорттогу жардыруудан жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктардын жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0