Брюсселде дагы бир метронун станциясында теракт болду

© REUTERS / Francois Lenoir/FilesБрюссель аскер кызматкерлери. Архив
Брюссель аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаардын аэропорту менен метродо жардыруу катталган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюсселде дагы бир метродо жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Брюсселдин аэропортундагы жардыруудан 11 киши каза болду
Бүгүн түштөн бери Бельгиянын борбор калаасында үч ирет жардыруу катталды. Биринчисинде Брюсселдеги аэропортто киши мерт кетти. Дагы 20дан ашуун кишинин жарадар болгону маалымдалды. Экинчиси метронун станциясында болду.

Бийлик арсмий түрдө жардыруулардын теракт деп атоодо.

Айрым маалыматтар боюнча Бельгиянын чалгын кызматы даярдалып жаткан жырдыруулар тууралуу кабары болгонун жазып чыгышты. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалымат боюнча аэропорттогу жардыруудан жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктардын жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0