Брюсселдин аэропортундагы жардырууну жан кечти ишке ашырган

© REUTERS / YVES HERMANБельгийские солдаты патрулируют в метро
Бельгийские солдаты патрулируют в метро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ТИМи аэропорттогу жардыруудан КР жарандары жабыр тарткан жок деп билдирген.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюсселдин аэропортундагы жардырууну жан кечти ишке ашырганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

ЖМК: Анкарадагы жардырууну эки жан кечти ишке ашырган
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13.00дө Бельгиянын борбор калаасынын аэропортунда жардыруу болуп, андан каза болгондордун саны 13 кишиге жетти. Дагы 20дан ашуун адамдын жарадар болгону айтылууда.

Аэропорттон дагы бир нече бомба табылганы белгилүү болду.

Андан кийин шаардын дагы эки метро станциясында жардыруу болуп, бийлик аны расмий түрдө теракт деп тааныды. 

Кыргызстандын ТИМи аэропорттогу жардыруудан алдын ала маалыматтар боюнча КР жарандары жабыр тарткан жок деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0