Обама Аргентинада танго бийин бийледи

© REUTERS / CARLOS BARRIAРабочая поездка Барака Обамы в Аргентигн
Рабочая поездка Барака Обамы в Аргентигн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бий аянтчасына чыккан президент башка бирөө менен бийлеп жаткан жубайын улам-улам карай берди.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама жубайы Мишель Обама менен Аргентина президенти Маурисио Макринин салтанаттуу кабыл алуусунда болуп, танго бийин катыра бийлешкенин Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Американын лидери алгач аны бийге чакырган кызга макул болгон эмес. Бир нече убакыттан кийин анын сунушун кабыл алып, бий аянтчасына чыкты. Бул мезгилде анын жубайы башка өнөктөш менен бийлеп жаткан.

Рауль Кастро Барак Обамага далысын таптатпай, колун булгалатып койду
Обама Аргентинага расмий сапар менен шаршемби күнү келди. Бул АКШ президентинин акыркы 19 жылдын аралыгындагы биринчи сапар болуп саналат. 

Буга чейин Обаманын Кубага болгон расмий сапарынын учурунда өлкө башчысы Рауль Кастро менен болгон окуя чагылдырылган видео бир топ талкууга алынды. Анда маалымат жыйындан кийин Обама менен кол алышкан Кастро АКШ лидерине далысын таптатпай койгону тартылган. Абада калкыган колун Куба президенти журналисттерге карай булгалатып койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0