Пентагон космостогу коопсуздугун камсыздоого КРдин бир жылдык бюджетинен ашык акча коротот

© AFP / STAFFПентагон. Архив
Пентагон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын негизги коргонуу мекемеси эки миллиард долларды космостогу спутниктеринин коопсуздугун жана аларды көзөмөлдөө үчүн караган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. АКШнын коргонуу министрлиги космостогу спутниктердин коопсуздугун жана аларды көзөмөлдөө үчүн эки миллиард доллар корото турганын Space News басылмасы Пентагондун башчысы Эштон Картерге шилтеме берип маалымдаган РИА Новости кабарлайт.

Картердин айтымында, 2016-жылдын бюджетинде 5 миллиард доллар космостук жаңы инвестициялар үчүн каралган. Анын ичинде 2 миллиард доллар космостогу спутниктердин коопсуздугун жана аларды көзөмөлдөө үчүн каралган. 

АКШнын пентагон имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекетинин" химиялык курал боюнча адиси кармалганын Пентагон тастыктады
Аба күчтөрүнүн 2017-жыл үчүн сураган каражаты алдыдагы беш жыл ичиндеги космостук программаларын каржылоону да камтыйт. Программага каршылаштардын байланыш системаларына каршы туруу үчүн 144 миллион доллар, ал эми 158 миллион доллар болсо космостогу коопсуздукту дана коргоону камсыз кылуу үчүн каралган.

Басылма Картер буга чейин Пентагон бардык космостук программалар үчүн 22 миллиард доллар сураганын жазат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 2016-жылдагы бюджети 124,4 миллиард сом (1 миллиард 740 миллион доллар, 71,5 сомдук курс менен) деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0