Басып алынган А320 учагындагы жүргүнчүлөр бошотулду

© REUTERS / Yiannis KourtoglouБасып алынган А320 учагынын фонунда полиция кызматкери.
Басып алынган А320 учагынын фонунда полиция кызматкери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Egypt Air авиакомпаниясына таандык Александрия — Каир каттамы менен учуп бараткан А320 учагы белгисиз киши тарабынан басып алынган. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү бар болчу.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Басып алынган А320 учагындагы бардык жүргүнчүлөр бошотулганын Европарламенттин өкүлү Мартин Шульц билдирди.

"Ларнака аэропортуна конгон учактагы бардык жүргүнчүлөр бошотулду. Бардыгы жакшы болот деген үмүттөмүн", — деген пикирин ал Кипрдин президенти Никос Анастасиадис менен биргеликте болгон маалымат жыйында билдирди.

Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Авиа кырсыктардан каза тапкан кыргызстандыктар
Учакты бошотуу боюнча аракеттер Кипрдин ARK телеканалы аркылуу түз эфирден берилүүдө.

Аба кемесин басып алган киши командирди жана жүргүнчүлөрдү денесине байланган жарылуучу затты жардырам деп коркуткан. Учактын ичинде 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон. Кийин белгилүү болгондой учакты Ибрагим Самаха аттуу киши басып алган.

Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экипаж мүчөлөрүнөн жана беш чет элдик жарандан башка 50 жүргүнчү бошотулганы маалымдалган. Ал эми Кипрдин ТИМи учакта 15тен 20га чейин киши калышы мүмкүндүгүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0