"Акацуки" спутниги жакында Венеранын атмосферасын видеого тартып баштайт

© NASA / SSV, MIPL, Magellan TeamВенера планетасы. Архив
Венера планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы байкоолор башталган соң Венера планетасынын алгачкы видеожазууларын алса болорун илимий долбоордун катышуучусу Такаси Имамура билдирди.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Венеранын орбитасына ийгиликтүү чыгарылган Япониянын "Акацуки" спутниги апрель айынан баштап дүйнө жүзү боюнча биринчилерден болуп аталган планетанын атмосферасын видеого тартат. Бул тууралуу долбоордун катышуучуларынын бири Такаси Имамура билдирди.

"Азырынча сүрөттөр гана бар. Масштабдуу иштер башталгандан кийин Венеранын атмосферасынын жана булуттардын алдындагы көрүнүштөр боюнча видеосун да алабыз",— деп Имамуранын айткандарын Япониянын JAXA космикалык агенттиги билдирди.

"Акацуки" спутниги Венеранын орбитасына 2015-жылы декабрдын башында чыгарылган. Буга чейин беш жыл мурда да ушунда аракеттер жасалып бирок ишке ашкан эмес. Япониянын окумуштуулары Венеранын климатын изилдеп, анын сырын ачууга ниеттенишүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0