Жардыруудан жарасы айыга элек Диярбакырда кайрадан теракт жасалды

© AFP / ILYAS AKENGIN Түркиянын Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуу
Түркиянын Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул шаарда эки ай мурда, тагыраагы январдын ортосунда жардыруу жасалып, беш киши каза таап, 36дан ашуун адам жаракат алган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түркиянын Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуудан полициянын жети кызматкери курман болду. Бул туурасында РИА Новости NTV каналына таянып билдирди. 

Алдын ала маалымат боюнча, теракт Диярбакырдын көчөсүндө полиция кызматкерлери түшкөн кичи автобус өтүп бара жатканда жасалган. Анын кесепетинен тартип сакчылары курман болуп, 27 киши жаракат алды. Жабыр тарткандар арасында полициянын 13 кызматкери жана жай жарандар бар. 

© REUTERS / Stringer Түркиянын Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуудан полициянын жети кызматкери курман болду.
1/2
Түркиянын Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуудан полициянын жети кызматкери курман болду.
© REUTERS / STRINGERТеракт Диярбакырдын көчөсүндө полиция кызматкерлери түшкөн кичи автобус өтүп бара жатканда жасалган.
2/2
Теракт Диярбакырдын көчөсүндө полиция кызматкерлери түшкөн кичи автобус өтүп бара жатканда жасалган.
1/2
Түркиянын Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуудан полициянын жети кызматкери курман болду.
2/2
Теракт Диярбакырдын көчөсүндө полиция кызматкерлери түшкөн кичи автобус өтүп бара жатканда жасалган.

Акыркы мезгилдери Түркияда жасалган терактылардын саны улам арбып келет. Мындан жарым айга жакын убакыт мурда, тагыраагы 13-мартта өлкөнүн борбору Анкара шаарында болуп, андан 34 киши курман болуп, 125 киши ар кыл жаракаттарды алган.

ЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат
Ал эми Диярбакырдагы жарылуу январдын ортосунда жасалып, беш киши каза таап, 36дан ашуун адам жаракат алган.

Диярбакыр — Түркиядагы Күрддөрдүн жумушчулар партиясы активдешкен калаа.

2015-жылы июль айында Түркияда Күрддөрдүн аталган партиясы менен тирешүү кайрадан жанданып, көтөрүлүшчүлөр менен кагылышууда 350 аскерлер менен полиция курман болгон.

Президент Режеп Тайып Эрдоган бул мезгил ичинде беш миңге чукул козголоңчулар жок кылынгандыгын айткан. Ал эми күрддөргө жакын Демократияык партия деп аталган саясий бирикме ал операциялар учурунда жүздөгөн жай адамдар курман болгондугун айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0