Кытайда органдарын донорлукка тапшырууга даяр адамдардын саны арбып бара жатат

© Sputnik / Исаев / Медиабанкка өтүүПекиндин жашоочулары. Архив
Пекиндин жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл ичинде 10 миңден ашуун трансплантация жасалса, алардын 74 пайызы ыктыярдуу тапшыргандардын органы болгон. Ал эми 26 пайызына туугандары дене мүчөлөрүн берген.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 2010-жылдан тарта Кытайда донорлукка органдарын өз ыктыяры менен тапшыргандардын саны өсүп бара жатат. Бул туурасында Синьхуа маалымат агенттиги жазды. 

Быйылкы жылдын 20-мартынан тарта донорлордун органдарына муктаж болгон 66 миң адам кезекке жазылган. Ал эми 6 624 адам тапшырган органдардын жардамы менен 18 миң кишинин өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк жаралган.

Кан текшерүү борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ракты кандын анализи аркылуу аныктоо жолун табышты
Донордук органдардын таралышы боюнча Кытай (миллион кишиге алганда) Азиянын ичинен биринчи орунда турат деди Кытайдын Саламаттыкты сактоо жана балдардын төрөлүшү боюнча Мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Ван Пэйань.

Комитет берген маалыматтарда, 2015-жылы 2 766 жаран органдарын тапшырган, бул 2013-2014-ж.ж. салыштырмалуу көбөйгөн. Жыл ичинде 10 миңден ашуун трансплантация жасалса, алардын 74 пайызы ыктыярдуу тапшыргандардын органы болгон. Ал эми 26 пайызына туугандары дене мүчөлөрүн берген. 

Заманга жараша бул жаатта прогресс байкалганы менен, Кытайда жансыз денеден органдарды алуу өлүктү мазактагандык деген түшүнүк жашап келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0