Хоккей оюнчулары. Архив

"Р-Спорт" хоккей боюнча дүйнө чемпионатына карата атайын долбоорду ишке киргизүүдө

45
(жаңыланган 16:25 04.04.2016)
Чемпионаттын жаңылыктарынан тыш аталган агенттик белгилүү хоккейчилер менен маектерди жана эксклюзивдүү материалдарды тартууламакчы.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун спорт жаңылыктарынын "Р-Спорт" агенттиги 6-майда Россияда баштала турган хоккей боюнча дүйнө чемпионатына карата атайын долбоорду ишке киргизет.

Таймаштын бардык жаңылыктары, эксклюзивдүү маектер, репортаждар, эксперттердин пикири, турнирдин каармандары жана мелдештин сүрөттөрү 4-апрелден тарта агенттиктин сайтында жеткиликтүү болот. 

Чемпионат 6-22-май күндөрү Москва жана Санкт-Петербург шаарында өтөт. Россиялыктар өз тайпасында Швеция, Чехия, Швейцария, Латвия, Норвегия, Дания жана Казакстандын хоккейчилери менен беттешет.

Агенттиктин башкы редактору Василий Коновдун айтымында, Дүйнө чемпионатына арналган долбоор — быйыл ишке ашырылуучу ири иш-чаралардын бири.

"Алдыда футбол боюнча Европанын чемпионаты, Олимпиада оюндары, Канадада өтө турган хоккей боюнча Дүйнө кубогу бар. Атайын долбоордо 20 адам иш алып барат. Агенттиктин соцтармактарда аталган чемпионатка өзгөчө көңүл бурулары шексиз", — деди жетекчи.

Р-Спорт — Россиянын спорт жаңылыктарынын алдыңкы агенттиктеринен болуп саналат.

"Россия сегодня" ЭМА — дүйнөдөгү окуяларды ыкчам, салмактуу жана объективдүү чагылдырып, башкы окуяларга карата түрдүү көз караштар жөнүндө маалымат берип турууну башкы милдети катары көргөн эл аралык медиатоп. "Россия сегодня" ЭМА маалымат ресурстарынын катарын РИА Новости, Р-Спорт, РИА Недвижимость, РИА Рейтинг, ИноСМИ агенттиктери түзөт. "Россия сегодня" россиялык ЖМКлар арасында өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда туруп, өз брендине чет өлкөлөрдө таянууларды өстүрүүдө. Агенттик ошондой эле россиялык социалдык тармактарда жана блог тармагында да өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда келе жатат.

45
Белгилер:
чемпионат, хоккей, спорт, агенттик, долбоорлор
Тема боюнча
Sputnik радиосу февралда "Новости" басылмасынын тарыхын айтып берет
Диего Марадонанын таблодогу сүрөтү. Архив

Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады

27
(жаңыланган 16:39 27.11.2020)
Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болду.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Соцтармакта Диего Марадонанын өзүнүн акыркы сапарга узоо зыйнатында эмне деп айткысы келмектиги боюнча суроого жооп берген видеосу вирустай тарап жатат.

"Чемпионаттын" маалыматына караганда, бул 2005-жылы аргентиналык теле берүүгө чыккан La noche del 10 берүүсүнүн үзүндүсү.

"Өзүмдүн акыркы сапарга узаган зыйнатымда эмне деп айткым келер эле... Футбол ойногонума рахмат. Бул спорт мага кубаныч жана эркиндик берди. Асманды колуңа кармап тургандай эле сезим. Топко дагы рахмат. Табытыма "топко рахмат" деп жазып койгула", — деген Марадона.

Видео Bolavip Facebook аккаунтуна жарыяланды.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

27
Белгилер:
футболчу, топ, Диего Марадона
Тема боюнча
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар

Тоттенхэм футболчусунун талаа ортосунан киргизген таң калычтуу голу. Видео

25
(жаңыланган 16:28 27.11.2020)
Топ дарбазанын так үстүңкү бурчунан кирип, ага голкипер Пламен Ивановдун колу жетпей калган.

Англиянын "Тоттенхэм" клубунун футболчусу Гарри Уинкс УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде 50 метрдей аралыктан тээп гол киргизди. Бул тууралуу УЕФА уюму расмий сайтына жазып, голдун видеосун жарыялады. 

Англиялык команда өз үйүндө болгариялык "Лудогорец" менен тайпалык этапта кез келген. Беттештин 63-мүнөтүндө Уинкс голкипердин дарбазадан алыстап кеткенин байкап калып, оюн талаасынын ортосунан, 49 метр аралыктан, топту көкөлөтө тээп гол киргизди. Топ дарбазанын так үстүңкү бурчунан кирип, ага дарбазачы Пламен Ивановдун колу жетпей калган.

Башкы машыктыруучусу Моуриньонун шакирттери беттеште 4:0 эсебинде утуп, мелдештин плей-офф баскычына жолдомо алышты.

25
Белгилер:
гол, футбол
Тема боюнча
"Чаян сокку". Румыниялык футболчунун кооз голунун видеосу
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео