ЭАК: Растов-на-Донуда кулаган учак саатына 600 чакырым ылдамдык менен жерге кулаган

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРастов-на-Донуда кулаган учактын сыныктары. Архив
Растов-на-Донуда кулаган учактын сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер авиакырсык боюнча иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыялашты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эл аралык авиация комитети (ЭАК) Растов-на-Дону шаарына кулап түшкөн Flydubai компаниясына таандык Boeing 737 учагынын кулап түшүшү боюнча алгачкы жыйынтыктарды чыгарды. 

Отчет аталган мекеменин сайтына жайгаштырылды.

"Метеорологиялык маалыматтарды иликтөөнүн жыйынтыгында кырсык болор күнү аэропорттогу аба ырайы болжогондой болгону иликтөө учурунда билинген. Ростов-на-Дону аэропортундагы аба ырайын көзөмөлдөгөн метеорологиялык жабдуулар калыбында болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Аба каттамдын метеорологиялык коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер документте белгиленген норманын негизинде ишин аткарган.

Эл аралык авиация комитети учак саатына 600 чакырым ылдамдык менен жерге кулап түшкөнүн белгиледи. Бул учурда учакты экипаж кол менен башкарып келе жаткан.

"900 метр бийиктикте экипаж штурвалды "түрткөндө" бир учурда учактын стабилизатору керектүү нормадан беш градус жылып кеткен. Анын кесепетинен учак жерге катуу ылдамдыкта келип урунган. Экипаж кырсыктын алдын алуу үчүн жасаган аракетинен эч кандай жыйынтык чыккан эмес", — деп эксперттер белгилеген.

Мемориал в аэропорту Ростова-на-Дону, посвященный погибшим при крушении пассажирского самолета Boeing-737-800. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан каза болгон Насирдинованын туугандары Бишкекке кайтышты
Эл аралык авиация комитети учкучтардын квалификациясын да текшерген. Алар талап кылынган бардык даярдыктан өткөн деген тыянак чыккан.

Авиакырсыктын деталдарын иликтөө уланып, ага АКШ, Испания, Бириккен Араб Эмирлигинен адистер тартылат.

Эскерте кетсек, 19-мартта Дубайдан келе жаткан Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында аэропортко конуп жатып кыйроого учураган. Кырсыктан анын ичиндеги 62 адамдын баары каза тапкан. Алардын арасында 28 жаштагы кыргызстандык стюардесса Жылдыз Насирдинова да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0