"Ислам мамлекетинин" согушкерлери барымтага алган 175 адамды өлтүрдү

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИМ согушкери. Архив
ИМ согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак SANA агенттиги Сириядагы булактарына таянуу менен аталган топтун согушкерлери Абу аш-Шамат аймагынан Al Badia Cement компаниясынын 300 кызматкерин барымтага алганын жазып чыккан.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик топтун согушкерлери Дамаск шаарынан барымтага алынган 175 адамды өлтүргөнүн Sputnik өздүк булактарга таянуу менен кабарлайт. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" чечкиндүү кадам кылууга эми күчүн Афганистанга топтоп жатат
Мурдараак SANA агенттиги Сириядагы булактарына таянуу менен аталган топтун согушкерлери Абу аш-Шамат аймагынан Al Badia Cement компаниясынын 300 кызматкерин барымтага алганын жазып чыккан. 

Маалыматка ылайык, террорчулар 6-апрель күнү аталган компаниянын заводуна кол салган. Ал учурда заводдо 250 адам болгон. Алардын 75 кызматкери качып чыгууга үлгүрүп, согушкерлер заводдо калгандарды диний көз карашы үчүн өлтүргөнүн айткан. 

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери адамдарды тобу менен өлтүрүп коомчулуктун үрөйүн учуруп келет. Алар январь айында Дейр-эз-Зоре аймагынан туткундалган 280 адамды өлтүрсө, Иракта согушкерлердин колунан каза болгондордун саны төрт миңге жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0