Селфи жасайм деп АКШнын жараны 20 жылга кесилип, 60 млн. доллар айыпка жыгылды

© REUTERS / NOAH BERGERТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калифорнияда 2014-жылы токой өрттөнүп, куткаруучулар аны дээрлик бир ай бою өчүрө алган эмес. Кырсыктан 12 үй, 100 чукул курулуш жабыркаган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШнын жаранына Калифорния штатында өрт учурунда селфи жасаганы үчүн 60 миллион доллар айып салынып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

Индияда фейерверктен улам храм өрттөнүп, 83 адамдын өмүрүн алып кетти
Шектүү Уэйн Аллен Хантсмэн жума күнү токойго өрт коюп, баалуу буюмдарды жок кылганын моюнга алды. Ал буга чейин кылмышты моюнга албай келген деп жазат агенттик.

Соттолуучу тилсиз жоо учурунда жасаган селфисинен улам полиция кызматкерлеринин назарына түшкөн. Хантсмэн видеосун куткарууга келген айдоочуга мактанып көрсөткөн. Айдоочу селфи жасап мактанып жаткан видеону тартып, полиция кызматкерлерине тапшырган. Арадан көп өтпөй Хантсман кармалган. 

Калифорнияда 2014-жылы токой өрттөнүп, куткаруучулар аны дээрлик бир ай бою өчүрө алган эмес. Кырсыктан 12 үй, 100 чукул курулуш жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0