БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Япониянын түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралында 7 баллдык жер титирөө болуп, андан тогуз киши мерт кетип, 400дөй адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 14-апрель күнү саат 16.11де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кумамото шаарында жайгашкан. Зилзаланын кесепетинен ондогон имарат кыйрап, шилендинин алдында адамдар калган. Айрым жерде өрт токтобогондуктан газ жабдуулары жана электр жарыгы өчүрүлгөн.
"Курман болгон адамдардын саны тогузга жетип, дагы 400дөй адам госпиталга жаткырылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кумамото шаарынан 23 миңден ашык адам эвакуацияланган. Алар азыркы убакта мектептерге жана башка коомдук жайларга жайгаштырылган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону World Athletics (Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы) уюмунун календарлык мелдештерине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Эми спортчулар аталган марафондон тийиштүү нормативди аткарып Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына лицензияларды ала алышат.
"Мындай жетишкендик өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы Эл аралык марафон дирекциясы менен биргеликте жасаган жигердүү аракеттеринин натыйжасында ишке ашкан. Эл аралык марафон трассасы сертификациядан өттү. Эми мелдештер Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун эрежелерине ылайык өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Run the Silk road IX Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону 2021-жылдын 15-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.