БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Окумуштуулар ВИЧ менен гепатит С дартына каршы вакцинанын прототибин боор оорулары менен күрөшүү боюнча Барселонада өткөн эл аралык конгрессте көрсөтүштү. Бул тууралуу маалымат EurekAlert порталына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.
Дүйнө жүзү боюнча 2,3 миллионго жакын адам иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) менен гепатит С дартын бирдей жуктуруп алышкан.
Вакцинация эки этаптан турат. Биринчи этапта адамдын организмине гепатит С менен ВИЧтин антигендери аденовирустук векторлордун жардамы менен ийне аркылуу сайылат. Мындан улам организмден вируска каршы күчтүү иммунитет иштелип чыгат. Экинчи этапта деле гепатит С менен ВИЧтин антигендери ийне аркылуу сайылат, өзгөчөлүгү MVA вектору колдонулат (модификацияланган поксвирустар).
Учурда, вакцина 32 ыктыярчыга пайдаланылып, алар окумуштуулардын көзөмөлүнө алынды.
Буга чейин БУУнун башкы катчысынын орун басары Мишель Сидибе ВИЧ эпидемиясына 2030-жылга чейин чекит коюларына ишеним артарын билдирген эле.