Дежавю сезими эмнеден улам пайда болорун окумуштуулар аныкташты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМээнин рентген сүрөтү. Архив
Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дежавю — бул мурда болгон окуя кайра кайталанып жаткандай сезим калтырган көрүнүш.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Окумууштуулар дежавю сырларын ачууга багытталган илимий изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыктарын Vital Record News from Texas A&M Health Science Center сайтына жарыялашканын РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дежавюга адамдардын 60-80-пайызы кабылганы менен бул көрүнүш толук изилденип бүтө элек. Анткени, мындай феноменди лабораториядан иликтөө өтө кыйын экенин Техас университетинин окумуштуусу Майкл Хук билдирди. 

Изилдөөнүн натыйжасында дежавю мээдеги нерв процессинин бузулушунан келип чыгары байкалган. 

"Айрым талма оорусу бар адамдар дежавю алар үчүн приступ алуунун белгиси экенин билдиришти. Тагыраагы, алар эс-учун жоготор алдында өткөн чак менен учур чакты чаташтыра башташат экен", — деп билдирет Майкл Хук. 

Илимий лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ким канча жашында инсульт аларын алдын ала аныктаган генди табышты
Мындан улам окумуштуулар адамды алдаган элестер мээ системасынын иштөө процессинин бузулушунан кабар берерин түшүнүшкөн. 

Бирок, маалыматта дежавю сопсоо адамдарда дагы пайда болушу ыктымал экени белгиленет. Анын себеби, мээ булчуңдарынын кээде карышып калуусуна байланыштуу болот. Бул көбүнчөсү адамдын уйкусу келип жатканда байкалат.

Дежавю — бул мурда болгон окуя кайра кайталанып жаткандай сезим калтырган көрүнүш.

Жаңылыктар түрмөгү
0