Илимпоздор лилия гүлүн уулуу заттарды организмден алып чыгууга жөндөмдүү дешти

© flickr.com / Konstantin MalanchevЛилия гүлү. Архивное фото
Лилия гүлү. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн жыйынтыгы "Наномедицина боюнча эл аралык журнал" жана "Нанотоксикология" басылмасына жарыяланган.

БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. Лилия гүлү жана кытай медицинасынын бир катар дарылары организмге кирип кеткен уулуу заттарды чыгара алары белгилүү болду. Бул туурасында Синьхуа маалымат агенттиги жазып чыкты.

Ли Чуньци башында турган кытайлык окумуштуулар бул каражаттар менен булганган абанын адамга тийгизе турган терс таасирин азайтууга болорун айтышкан.

Кан текшерүү борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ракты кандын анализи аркылуу аныктоо жолун табышты
Илимий изилдөө узундугу болгону 3 миллиметр данио-рерио балыгына жүргүзүлгөн. Бул суу жаныбарынын териси түссүз болгондуктан, анын ички органдары окумуштууларга алаканга салгандай көрүнүп, тажрыйба жүргүзүүгө абдан ыңгайлуу келген. Андан сырткары, аталган балык генетикалык деңгээлде адам баласына 85 пайыз окшош болот экен. 

Эксперимент учурунда окумуштуулар балыктын денесине PM 2,5 деп аталган затты куйган. Ал — уулуу заттардан топтолгон зыяндуу түтүндүн курамында кеңири кездешкен зат. PM 2,5ти балыктын денесине куюп, аны кайрадан кытайдын салттуу медициналык каражаттары менен тазалап көрүшкөн. Жыйынтыгында лилия жана башка элементтер организмден PM 2,5 затын алып чыгууга жөндөмдүү экендигин аныкталган. 

"Экспериментте кытай медицинасынын дарыларын колдонгондо уулуу заттар кандан ичегиге түшүп, андан ары сыртка чыккан. Медикаменттер бактерияларды таап, аны уулуу заттарга аралаштырып кайрадан иштеп чыгып, организмден чыгарууну шарттаган",— деди Ли Чуньци.

Иликтөөнүн жыйынтыгы "Наномедицина боюнча эл аралык журнал" жана "Нанотоксикология" басылмасына жарыяланган. Эксперимент ийгиликтүү өткөн соң, эми медиктер аны кытайдын салттуу медицинасындагы дары-дармектерге колдонууну сунуштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0