Эквадордогу жер титирөөдөн 260тан ашык киши каза болду

© AFP / JUAN CEVALLOSЭквадордогу жер титирөөнүн кесепети. Архив
Эквадордогу жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш кырсыгынан улам өлкө аймагына чукул кырдаал киргизилди.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Эквадордогу жер титирөөдөн каза болгондорун саны 260 кишиден ашканын өлкөнүн ички иштер министри Диего Фуэнтес билдирди.

Япондуктардын сабырдуулугу таң калтырды —жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандык
Жекшемби күнү Эквадордо магнитудасы 7,8ге жеткен жер титиреген. 

Учурда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандардын саны 2527 кишиге жетти. Жекшемби күнү кечинде өлкө президенти Рафаэль Корреа эң катуу жер титирөө болгон Манта шаарына учуп келди. Азыр жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана урандылардын алдында калган кишилерди куткаруу иштери жүрүп жатат.

Ушундай эле эң оор жабыркаган шаарга Педерналес калаасы дагы кирет. Жаратылыш кырсыгынан имараттардын 80 пайызы кыйраган. Анын ичинде көп кабаттуу үйлөр, мейманканалар, ресторандар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0