Японияда беш күндө 600 ирет жер титиреди

© REUTERS / KYODOЯпониядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу. Архив
Япониядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча 44 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми 94 япон жашоочулары үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Япониянын Кюсю аралында 14-апрелден шейшемби күнгө чейин 600дөн ашык жер титирөө катталды. Азыркыга чейин жер астындагы силкинүүлөр уланып жаткандыгын РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен жарыялады.

Жер алдындагы силкинүүлөр көбүнесе Кумамото менен Оита аймактарында байкалган.

ТИМ: Кумамотодон төрт кыргыз жараны эвакуцияланды
Беш күн мурун Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө катуу жер титиреп, магнитудасы 7,3кө жеткен. Кырсыктын айынан үйлөр урап, унаа жана темир жолдор бузулган. Андан бери жер астындагы силкинүүлөр токтобой келет. 

Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 44 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми 94 жашоочу үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Эпицентри Кумамото шаарына жакын жайгашкан бул жер титирөө 2011-жылы Япониядагы болгон цунами трагедиясынан кийинки ири кырсык болуп калды. Ал учурда 15 метрлик толкун күү менен келип Фукусима АЭСин талкалап, дүйнө боюнча Чернобылдан кийинки радиациялык кооптуулукту жараткан абал түзүлгөн. Андан каза таап жана өлүү-тирүүсү белгисиз болгон адамдарды саны 20 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0