Sputnik Түркия сайты. Архив

Sputnik Türkiye агенттигинин редакторун Түркияга киргизбей коюшту

40
(жаңыланган 10:25 20.04.2016)
Турал Керимовдун пресс-картасы жана өлкөдө жашайт деген документи Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан алынып, биринчи рейс менен анын кайта Россияга кетүүсү талап кылынган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Түрк бийлиги Sputnik Türkiye агенттигинин редакторуна өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Ошондой эле аны аккредитациясынан ажыратканын Sputnik Türkiye билдирди.

"Чек ара көзөмөлүнүн кызматкери паспортумду алып, өлкөгө кирип жаткан жүргүнчүлөрдү текшерүүчү жерге алып келип, мени бир сааттай кармап эч кандай түшүндүрмө берген жок. Андан кийин өлкөгө кирүүмө тыюу салынганы тууралуу кагазды берди. Ал жакта эмне тыюу салынганы да жазылбаптыр. Менин пресс-картамды жана Түркияда жашай турганымды тастыктаган документимди алышып, биринчи рейс менен кайта Россияга кетүүмдү сунушташты", — дейт Керимов.

Ал бул окуя Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда болгонун кошумчалады.

Түркияда өткөн бейшемби күнү Россиянын Sputnik агенттигинин сайтына чектөө киргизилген.

40
Белгилер:
чектөө, Түркия
Тема боюнча
Sputnik агенттигинин сайтына Түркияда чектөө киргизилди
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

122
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

122
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады

Таразага түшө албай калтыраган АКШ мушкеринин беттеши токтотулду. Видео

241
(жаңыланган 19:20 08.05.2021)
Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам ага беттешке чыгууга уруксат берилген эмес.

UFC мушкери, америкалык Райан Бенойт менен өзбекстандык Заррух Адашевдин UFC on ESPN 24 мелдешиндеги беттеши токтотулду. Буга АКШлык спортчунун таразага түшүүдө калтырап баса албай калганы себеп болду. Окуянын видеосу Youtube каналына жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай, Бенойт салмакка түшүүчү жайга башкалардын жардамы менен жетип, өз күчү менен таразага чыга албай койгон. Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам уюмдун жетекчилиги ага беттешке чыгууга уруксат берген эмес. 

UFC уюмунун кезектеги мелдеши 9-майда Лас-Вегаста өтөт.

241
Белгилер:
ден соолук, салмак, Лас-Вегас, АКШ, мелдеш, ESPN, UFC
Тема боюнча
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео