"Zaman Кыргызстан" редактору: Түркия эркин пикир айткан ЖМКлардын болушун каалабайт

© flickr.com / KLMirceaТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиядагы Zaman гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Zaman Кыргызстан" гезитинин башкы редактору Пазаржынын айтымында, сөз эркиндиги тууралуу акыркы маалыматтарга ылайык, Түркия Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине чейин түшкөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Түркияга Sputnik Türkiye агенттигинин редактору Турал Керимовдун киргизилбешин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалоого болот. Мындай пикирин "Zaman Кыргызстан" гезитинин башкы редактору Айдын Пазаржы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, түрк бийлиги Sputnik Türkiye агенттигинин редакторуна өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Мындай чечим эмненин негизинде чыгарылганын түшүндүрүшкөн эмес.

"Чындыгында Түркияда акыркы эки жылдан бери сөз эркиндигине кысым болуп жатат. Турал Керимовдун Түркияга киргизилбеген да сөз эркиндигине болгон кысым катары бааласак болот. Фридом Хаус сыяктуу уюмдар Түркиядагы сөз эркиндигин Африкадагы мамлекеттерге теңеп жатат. Бул да болсо ЖМКнын абалы кандай экенинен кабар берет", — деди ал.

Пазаржы азыркы түрк бийлиги эркин басылмалардын, оппозициялык пикирдин болушун каалабай турганын баса белгиледи.

Ал ошондой эле түрк бийлиги акырындык менен оппозициялык пикирди айткан ЖМКларга кысым жасап жатканын кошумчалады. 

"Мисалы Bügün, Kanal Türk сыяктуу каналдар жабылды. Ошондой эле Zaman гезити да тартып алынып, 1700 журналист кызматтан кетирилди. Бийликтегилер бизди колдойсуңар же жабыласыңар дегендей мамиле кылып жатат", — деди ал.

Айдын Пазаржынын айтымында, буга чейин бир гана соттун чечими менен ЖМКлардын ишине кийлигишүү болуп келген болсо, азыр бир эле кишинин чечими менен түрдүү чектөөлөр киргизилүүдө.

Эске салсак Sputnik агенттигинин сайтына Түркияда чектөө киргизилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0