БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ирактын коопсуздук күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун карамагында калган Анбар провинциясындагы Хит шаарын кайтарды. Бул туурасында журналисттерге Пентагондун өкүлү Стив Уоррен бейшембиде кабарлады.
"Өткөн аптада Ефрат дарыясындагы өрөөндө Ирактын коопсуздук күчтөрү бир нече ирет сокку уруп, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун колунан Анбар провинциясындагы Хит шаарын тартып алды. Калаа эми элге кайтарылды", — деди Уоррен.
Жүз миңдеген эли бар Хит шаары террочулардын колуна 2014-жылдын октярбь айында өткөндөн тарта ал жакта "Ислам мамлекетинин" бийлиги орноп келген. Пентагон өкүлүнүн айтымында, шаар стратегиялык маанидеги аймак болуп саналат.
Буга чейин "Ислам мамлекети" террордук уюмунун колунан Сириядагы Пальмира шаарын марттын аягында толугу менен бошотуп алган.