Британиялык атайын кызматтар жашыруун маалыматтарды өздөрү үчүн да пайдаланган

© Sputnik / Жоомарт УраимовНаушник жана диктофон. Архив
Наушник жана диктофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыры ачылган документтер британиялыктар жөнүндө маалыматтарды 1990-жылдардан тарта жыйнай баштаганын далилдегени менен өкмөт муну четке кагып келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Британиялык атайын кызматтар өкмөт үчүн маанилүү делген маалыматтарды чогултуп, бирок, аны жеке максаты үчүн да пайдаланган. Бул туурасында РИА Новости Guardian берген маалыматка таянып жазды.

Жогорудагы документтер Privacy International уюмунун талабы менен ачыкка чыккан эле. Атайын кызматтар тумандуу Альбиондун жарандарынын паспорттору боюнча маалыматтарды алып, ары-бери каттаган сапарларын, телефондук сүйлөшүүлөрүн жана электрондук кат жазышууларын ийне-жибине чейин билип турган. Анын көпчүлүк бөлүгү чалгын же коопсуздук кызматы үчүн эч кандай деле кызыкчылык жарата турган материалдардан болгон эмес.

АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ "панама-гейтти" алып чыккан журналисттерге акы төлөп бергенин моюндады
Муну менен катар эле кээ бир документтерден улам коопсуздук кызматынын өкүлдөрү өтө жашыруун делген маалыматтарды кыянаттык менен пайдаланган. Анын негизинде, туулган күндөр менен куттуктап открытка жөнөтүү үчүн жана эмгек эс алууларын пландашкан.

Guardian топтолгон маалыматтардын жардамы менен ички документтерди жасап да алып турушкандыгын жазды.

Документтерде британиялыктар туурасында маалыматтар 1990-жылдардын аягынан тарта MI5 деп сыпатталган контрчалгын, MI6 деп сыпатталган чалгын жана өкмөттүк байланыштар үчүн колдонулган.

Сыры ачылган документтер британиялыктар жөнүндө маалыматтарды 1990-жылдардан тарта жыйнап баштагандыгын далилдегени менен өкмөт муну четке кагып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0